Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жетекчилиги жана кызматкерлери “Дүйнөлүк тазалык күнү” глобалдык экологиялык жарандык акцияга катышты

 

Үстүбүздөгү жылдын 18- сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Төрагасы Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор жана кызматкерлер "Дүйнөлүк тазалык күнү" глобалдык экологиялык жарандык акциясынын алкагында ишембиликке чыгышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө Н. Исанов жана М. Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги М.Горький атындагы гүл бакчада газондор, тротуарлар жана арыктар куураган жыгачтардан, жалбырактардан жана таштандылардан тазаланды.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы дайыма тазалыкты сактоо принциптерин карманат жана экологиялык таза чөйрөнү сактоо боюнча бардык аракеттерди колдоп келет, ошондой эле шаардыктарды жана борбордун конокторун тазалыкты жана тартипти сактоого чакырат!