Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратында 2018-2019-жылдар аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы

 

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратында  2018-жылдын    1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Аудиттин жүрүшундө, 2018-жылга карата штаттык ыраатамага салыштырмалуу жылдык эмгек акы фондун 6 100,0 миң сомго жогорулатуу менен түзүлгөндүгү аныкталган. Ошол эле учурда, иштеген жылдары үчүн үстөктүн өлчөмдөрүн аныктоодо, штаттык ырааттама Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлеринин сапаттык курамын эске албастан түзүлгөн.

Эмгек акы фондунун жогорулатылышы Омбудсмен (Акыйкатчы) Аппаратына       Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдорунда каралбаган материалдык жардам, сый акылар жана сыйлоолорду төлөөгө мүмкүнчүлүк берген. 2018- жылга 907,0 миң сом жана     2019-жылга 146,9 миң сом суммасындагы төлөмдөр жүргүзүлгөн.

 2018-2019-жылдар ичинде Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратында административдик кызмат орундарын ээлеген кызматкерлер бошотулган. Мында, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамын бузуу менен, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын жетекчилиги тарабынан административдик бош кызмат орундары жөнүндө жазуу жүзүндө билдирмелер жиберилген эмес.

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратындагы административдик бош кызмат орундары жөнүндө өз убагында жазуу жүзүндө билдирмелер жиберилбегендиктен, бош кызмат орундары көпкө чейин сакталып калынган. 2018-жыл ичинде бош кызмат орундарынын кызматтык милдеттери буйруктар менен башка кызматкерлерге, анын ичинде, конкурс өткөрүлбөстөн, милдеттерди аткаруучулар катары кабыл алынган адамдарга жүктөлгөн. Ошондой эле, техникалык тейлөө персоналынын кызматкерлеринин бирине административдик бош кызмат ордунун кызматтык милдеттери жүктөлгөн.

Айрым кызматкерлердин өргүү күндөрүнүн бир бөлүгү акчалай компенсация менен алмаштырылган, мындан сырткары ошол эле күндөргө, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 131-беренесин бузуу менен 83,0 миң сом суммасында эмгек акылар төлөнүп берилген. Эмгек өргүүдөн чакыртылып алынган айрым кызматкерлерге өргүүнүн толук мөөнөтү үчүн төлөм, чакыртылып алынган күндөн тартып эмгек акы жана пайдаланылбаган өргүү күндөрү үчүн акчалай компенсациялар төлөнүп берилген.

Айрым учурларда, Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппаратынын кызматкерлери тарабынан иш сапар ордуна баруу жана кайра келүүгө чыгымдарды тастыктоочу документтер эмес, автобекеттерден жеңил таксиде жүрүүнүн орточо наркы жөнүндө маалымкат тиркелген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 26-августундагы  №471 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын чегинде билет жок болгон учурда жол кире боюнча чыгымдарын ордун толтуруунун Нормалары боюнча ордуна коюулууга тийиш.  

Омбудсмендин (Акыйкатчынын) Аппараты тарабынан Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары толук аткарылган эмес, жана ошондой эле финансылык жылдын аягына карата кассада накталай акча каражаттарынын калдыктарынын болушуна жол берилген.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешине жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгына жиберилген. Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Аппаратына  отчет жана сунуштамалар жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына эмгек акыны негизсиз төлөп берүү фактысы боюнча укуктук баа берүү үчүн жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет жөнөтүлгөн.