Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2019-жылдын       1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата              Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинде жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө санариптештирүүгө бөлүнгөн каражаттардын пайдаланылышынын натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

 Жүргүзүлгөн аудитте жалпы суммасы 26141,5 миң сомду түзгөн каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинде: акча каражаттарын чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 25960,6 миң сом суммасын түзгөн, анын ичинен материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулар 25953,6 миң сомду түзгөн.  Гранттык каражаттардын ичинен жергиликтүү консультанттардын кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө үчүн  99,4 миң АКШ долл. (6 925,5 миң сом) жумшалган. Төлөп берилген сумма толук бойдон ДИБ чыгымдары катары эсептен чыгарылган, анын катарында 6 783,6 миң сом Open Data долбоору боюнча,  мындан улам консультанттар иштеп чыккан продуктылардын максаттуу пайдаланылышына контроль жүргүзө албай калуу тобокели келип чыккан.

Ошондой эле, Япондук JTEC компаниясы тарабынан Регионалдык магистралдык тармактын кыргыз бөлүгүн  кеңейтүү үчүн магистралдарга жана кызмат көрсөтүүлөргө карата талаптардын техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча жумуштар аяктагандыгы жөнүндө корутунду отчет түрүндө берилген жана ДИБнын баласына кириштебестен 272,7 миң АКШ долл. же 19 020,0 миң сом суммасындагы акча каражатар негизсиз эсептен чыгарылган жана башкалар.  

Мындан сыркары, бюджеттин резервдери жана жоготуулары 21060,0 миң сом суммасында аныкталган, анын ичинен республикалык бюджеттен  19306,9 миң сом суммасында акча каражаттары пайдаланылган жок, алардын бир бөлүгү (7861,5 миң сом) сатып алууга арналган сервердик жабдуулар. 2019 -жылдын 31 -декабрына карата эсептелген пайыздардын калдыгы 7,6 миң АКШ долларын же 529,3 миң сомду түзөт жана республикалык бюджетке чегерилүүгө тийиш.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 41423,4 миң сомду түзгөн. «IТ Defense» ЖЧКдан 2017-жылы  алынган 13 298,5 миң сом суммадагы маалыматтык коопсуздук системасынын программалык камсыздоосу азыркыга чейин колдонулбай турат. Ошондой эле, 2018-жылдын аягында Байланыш агенттиги үчүн гранттык негизде Россия Федерациясынан 313,8 миң АКШ долл. суммасындагы жабдуу алынган (22 571,6 миң сом, валюта курсу боюнча 71.93 сом/АКШ долл.), 4 даана комплект сыноо стенди – жабдуусу максаттуу багыты боюнча пайдаланылбай кампада турат жана башкалар.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жазма буйрук жиберилген. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматына отчет, жазма буйрук жана сунуш жөнөтүлгөн.