Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2019-жылдарга “Бишкекжылуулуктармагы” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2017-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкекжылуулуктармагы” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте «Чыгыш» жылуулук тармагын реконструкциялоо объекти боюнча иштердин баасы 822,4 миң сомго ашыкча көтөрүлгөн (аудиттин аягында бул сумма калыбына келтирилген).

Мындан тышкары, технологиялык кошуу үчүн төлөмгө кошумча 373,7 миң. сом төлөнгөн жана аудиттин жүрүшүндө Коомдун эсебине кайтарылган. Коомдун кирешеси болуп таанылган -11 015,4 миң сом жана  КНС 1 321,8 миң сом, бул  2020-2021-жж. финансылык-чарбачылык ишмердиктин жыйынтыктары боюнча 2 478,5 миң сомго дивиденддердин көбөйүшүнө алып келет.

Ошондой эле, курулушу аягына чейин бүтө элек жана эксплуатациялоого бериле элек 3 көп батирлүү турак үйгө жылуулук берүүдө   Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу мамлекеттик агенттигин 18.02.2016-жылдын №1 буйругу менен бекитилген “Электр жана жылуулук энергиясынын тарифтерин колдонуу боюнча нускамасынын” 5.7-пунктунун талаптарын бузуу менен «Калк» тобу үчүн тариф колдонулгандыгы белгиленет. 

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жиберилген. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине отчёт жана сунуштамалар жиберилген. Кыргыз Республикасынын Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигине  сунуштама жиберилген. “Бишкекжылуулуктармагы” Ачык акционердик коомуна отчёт жана сунуштама жөнөтүлгөн.