Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018- 2020-жылдарга карата “Бишкек машина куруу заводу” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудиттин жыйынтыгы

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2018-жылдан  31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкек машина куруу заводу” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте 235,7 миң сомдук баланстык наркы менен 32 даана станоктор жана жабдуулардын жетишсиздиги негизги каражаттарды инвентаризациялоодо аныкталган.

Мындан тышкары, 14412,1 миң сом суммасында башка каржы  бузуулар аныкталган, анын ичинен 14412,1 миң сомдук даяр продукция “Бишкек машина куруу заводу” ААКнын баланстан тышкары эсебинде катталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин Катчылыгына жана Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына отчёт жиберилген. “Бишкек машина куруу заводу” Ачык акционердик коомуна  отчёт жана сунуштама жиберилген.