Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде 2019-жылга карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин   жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө  бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит  жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте 7854,6 миң сом суммасындагы каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 4096,4 миң сомду түзгөн, анын ичинде:        Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 74-беренесинин жана “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамынын 23-беренесинин талаптарын бузуу менен жыл ичинде 36 бош  мамлекеттик административдик кызмат орундарына милдетин аткаруучу катары сынак өткөрүүсүз 36 адам дайындалгандыгына байланыштуу 3633,9 миң сом суммасында эмгек акылар негизсиз төлөнүп берилген. Ошондой эле, Ысык-Ата райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгында социалдык фондго чегерүүлөрдү эсепке алуу менен эмгек акынын негизсиз төлөнүшү 214,6 миң сомду түзгөн.

Министрликтин Органикалык айыл чарба департаментинде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” токтом ченеминин ден соолукту чыӊдоого жөлөк пул төлөө талабы мамлекеттик административдик бош кызмат орундарда милдетти аткарган жана мамлекеттик жарандык кызматчы болуп саналбаган адамдарга карата да колдонулгандыгынын натыйжасында, 6 адамга 165,5 миӊ сом суммасында ден соолукту чыӊдоого жөлөк пулдар негизсиз төлөнгөн. Ошондой эле, казыналык тутумун кыйгап өтүү менен 88,5 миң сом суммасындагы атайын каражаттар колдонулган. Эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана ашыкча кредитордук карыздар 202,5 ​​миң сом суммасында аныкталган. Социалдык фондго кошумча чегерилген кирешелер  557,8 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, 4809,7 миң сом суммасында бюджеттин резервтери жана жоготуулары аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин  Аппаратына жөнөтүлгөн. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине сунуштама жиберилген. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине  отчет, жазма буйрук жана сунуштама жиберилген.