Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде 2019-жылга карата  бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2019-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинде, бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

Жүргүзүлгөн аудитте жалпысынан 1453,6 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталган, анын ичинен: 1380,0 миң сом акча каражаттарын пайдалануудан келип чыккан бузуулар жана кемчиликтер, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөөлөр жалпысынан 282,0 миң сомду түзгөн, Чүй райондук суу чарба башкармалыгынын кызматкерлерине вегетация мезгилинин башталышында жана жумуш өндүрүшүнүн көбөйүшүндө, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналга тиешелүү эмес 178,8 миң сом суммасында эмгек акыга үстөк акы  төлөнгөн жана башкалар; материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу 230,4 миң сомду түзгөн, алсак 2008-жылдын 26-августундагы №471 “Командировкалык чыгымдардын нормаларын белгилөө жана алардын ордун толтуруунун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун талаптарын бузуу менен 46,4 миң сом суммасында иш сапар чыгымдары ашыкча төлөнгөн жана башкалар; курулуш - куроо иштеринин көлөмдөрүн ашыруу  631,7 миң сом суммасында аныкталган,  Суу чарба объектилерин куруу дирекциясы боюнча   курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрү  363,1 миң сомго ашырылган,  долбоорлоо-изилдөө иштеринин көлөмүн ашыруу 100,5 миң сом суммасында “Жалал-Абад областынын Ала-Бука районундагы Суусамыр суу сактагычынын курулушу” объектиси боюнча “Кыргызсуудолбору” ААКсы тарабынан аткарылган иштин актысынан дарыяны изилдөө иштерин тастыктаган актылардын жоктугун эске алуу менен алынып салынышы керек; жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз 185,9 миң сомго аныкталган; бюджетке жана Социалдык фондго кошумча чегерилген кирешелер 40,0  миң сомду жана 30,7 миң сомду түзгөн;    

Мындан сырткраы, 4360,8 миң сом суммасында бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жиберилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине  жазма буйрук жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине отчет, жазма буйрук жана сунуш берилди. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына  “Айыл чарба өндүрүмдүүлүгүн жана тамактанууну жакшыртуу” долбоорундагы мамлекеттик сатып алуулар боюнча маалымат жөнөтүлдү.