Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору биринчи окууда жактырылды

 28-июлда Жогорку Кеңештин пленардык жыйынында депутаттар тарабынан  “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” конституциялык Мыйзамдын долбоору биринчи окуудан каралды жана жактырылды. Мыйзамдын долбоору депутаттар Токтошев Э.Т., Абдылдаев Ш.И.,Примов У.Б., Жоробеков Т.У., Акбаров А.. тарабынан сунушталган.

Мыйзам долбоору боюнча  аудиторлордун санын кыскартуу сунушталууда. Эсептөө палатасынын  эң жогорку органы - Эсептөө палатасынын Кеңешинин курамы Эсептөө палатасынын төрагасынан, аудиторлордон, Аппарат жетекчисинен, түзүмдүк бөлүмдөрдүн  жетекчилеринен түзүлөт жана анын персоналдык курамы      Эсептөө палатасынын төрагасы тарабынан аныкталат. Функционалдык жана уюштуруучулук көзкарандысыздык принцибин эске алуу менен, Эсептөө палатасынын ишинин методикасы  аудитордук иштин сапатын контролдоонун эл аралык стандарттарынын негизинде болот.

Маалымат учун: Мыйзам долбоору  2021-жылдын 5-майында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын Конституциясынын ченемдерине ылайык келтирүү максатында демилгеленген.