Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 2018- 2019 - жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы

 Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында эмгек акыны төлөөдөн үнөмдөлгөн каражаттар түрткү берүүчү төлөмдөрдү төлөөгө жумшалганы аныкталган. 2018-жылдын 21-декабрында №01-18/157 буйругу менен, Агенттиктин кызматкерлерине алардын кыш мезгилинде айыл чарба азык-түлүктөрүн жана жылытуучу материалдарды даярдоого кеткен чыгымдарынын жарым-жартылай жабуу үчүн бир айлык эмгек акынын өлчөмүндө акча каражаттары төлөнүп берүү жөнүндө чечим чыгарылган жана үнөмдөлгөн каражаттарынын эсебинен кызматкерлерге 1 150,0 миң сом негизсиз төлөнүп берилген. Ошондой эле, аудит Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 30-декабрындагы №767 “Мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматтык жана нөөмөттүк унааларын кыскартуунун эсебинен мамлекеттик бюджеттин каражаттарын үнөмдөө боюнча чаралар жөнүндө” токтомунун талаптары сакталбагандыгын белгилейт. Агенттиктин балансына 2014-2015 жылдарда Бириккен улуттар уюмунун качкындар иштери боюнча Жогорку комиссариаттын башкармалыгынын өкүлчүлүгү тарабынан берилген 2 даана автоунаа ашык алынган. Бюджеттик сметага карата жазалган эсептердин негизинде, 2 көрсөтүлгөн автоунаага сметада финансылык каржылоо каралган эмес жана эки жыл аралыгында чыгымдар жумшалган эмес.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине жиберилген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана  финансы министрлигине  сунуштамалар берилген. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигине караштуу Региондук өнүктүрүү мамлекеттик агенттигине – отчет жана жазма буйрук жөнөтүлгөн.