Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлери КМШга мүчө - мамлекеттердин Мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын (финансылык көзөмөл)  жетекчилеринин Кеңешинин алкагында тажрыйба алмашуу боюнча семинарга катышты.

Видеоконференция режиминде мамлекеттик аудиттин жогорку органдарынын иш-аракеттеринин ачык-айкындуулугу тематикасы боюнча КМШга мүчө-мамлекеттердин Мамлекеттик аудиттин жогорку органдары мекемелеринин (Финансылык контролдоо)  жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча семинар болуп өттү. Семинарга Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик  контролдоо комитетинин, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын жана  Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө аудиттин жогорку органдарынын ишинин ачык-айкындуулугу  боюнча доклад жана презентациясы менен  Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын аппаратынын тышкы байланыш департаментинин директору                П. Демидов сүйлөдү.  Ал өз сөзүндө  аудиттин жогорку органдарынын ачык-айкындуулук жана маалымдуулук маселелерине токтолду. Ал жетектеген Департамент изилдөө жана текшерүү иштерин жүргүзөт, аналитикалык материалдарды даярдайт, бийлик органдары, коомдук уюмдар, эксперттик коомчулук менен байланышат, кызматтарды жана порталдарды ишке киргизет, ал мамлекеттин ачыктыгын жогорулатат жана жарандар үчүн чечим кабыл алууну түшүнүктүүрөөк кылат. Ошондой эле, ал ачык маалыматтардын инвестициялык ишмердүүлүктүн жагымдуу факторлорунун бири экендигин белгиледи. Аудиттин жогорку органдары бюджеттик процесстин катышуучусу жана ишенимдүү маалыматтардын булагы катары ачык- айкындуулукту  камсыздашы керектигине токтолду.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Эл аралык жана аймактык кызматташуу департаментинин директору Т. Махмутов бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, жарандардын ишенимин жогорулатуу максатында “Форум ВОА - СНГ” телеграм каналы ишке киргизилгендигин белгиледи.