Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга карата “Кыргызнефтегаз” ААКда жүргүзүлгөн  аудиттин жыйынтыктары.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомунун финансылык ишине жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.       “Кыргызнефтегаз” ААКсынын уставдык капиталы 2019-жылдын 31-декабрына карата 1 040,5 млн. сомду түзгөн, ал жерде мамлекеттик  үлүш 85,16%ды түзгөн. Аудит Коом тарабынан 2018-жылдагы 2 969,0 миң.м3 салыштырмалуу,  пландагы 3 637,0 миң.м3 карата газды өндүрүү боюнча көрсөткүчкө жетпегендигин белгилейт. Операциялык эмес чыгымдардын жалпы суммасы 1 774,0 миң сомго ашырылган, натыйжада, 177,4 миң сом суммасындагы киреше салыгы жана акциялардын мамлекеттик  пакетине 1 359,6 миң сом дивиденддер жеткире эсептелген эмес. Газ үчүн жеңилдетилип эсептелген 6 681,7 миң сом суммадан, 17,25 пайыз өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрү чегерилген эмес, бул болсо, 1 152,6 миң сомду түзгөн.  2019-жылдын аягында мөөнөтү өткөн доо арыз менен дебитордук карыз 23,1 млн. сомду түзгөн. Карызды өндүрүү боюнча доо арыз соттун кароосунда турат.

 Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет: Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомунун Директорлор кеңешине, Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондуна жиберилген. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматына  маалымат жөнөтүлгөн. “Кыргызнефтегаз” Ачык акционердик коомуна отчет жана сунуштамалар жөнөтүлгөн.