Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-2019 жылдарга карата жогорку окуу жайларда жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыктары.

 

Аудиттин жыйынтыктарын талдоо жүргүзүүдө, жогорку окуу жайларда негизинен акча каражаттарын чыгымдоодогу кемчиликтер аныкталган. Ж. Баласагын атындагы             Кыргыз улуттук университетинде 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” 332-беренесинин талаптары сакталбастан, 497,2 миң сом эмгек акы тышкы айкалыштыруу боюнча жумушка кабыл алынган жарандарга төлөнгөндүгү белгиленет. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан берилген “Жогорку кесиптик билим берүү укугуна” лицензияга ылайык, билим алуучулардын чеги белгиленген, 2018-2019-жылында  бакалавриат боюнча (сырттан окууда), лицензиялык чектен ашыкча окутууга жол берилген. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” жана “Кыргыз Республикасынын 2018-жылга бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (14-берене пункт 3.) талаптары сакталбай, атайын эсептин каражаттарынан казына тутумунан тышкары 648,2 миң сом чыгымдалган. Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары сакталбай, конкурс өткөрүлбөй, 1027,7 миң сомго эмгек келишимдери аркылуу ар кандай жумуштар аткарылган. 2019 - жылдагы шайкештик аудитте  662,5 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 131-беренесинин 2 пунктун бузуу менен акы төлөнүүчү кызматтарды көрсөтүүдөн түшкөн кирешелер казына тутумун айланып өтүү менен пайдаланылган. Бюджеттин жоготуулары 13613,4 миң сом суммасында аныкталган. Ошондой эле, 1207,3 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.

Баткен мамлекеттик университетинде 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте бардыгы болуп 255,4 миң сом суммасында финансылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 5,9 миң сом; сапар чыгымдарына туура эмес төлөөлөр 12,3 миң сом; дебитордук карызды жаап-жашыруулар 62,3 миң сом; Бюджетке кошумча киреше эсептөөлөр 87,5 миң сом  жана Социалдык фондго кошумча 87,5 миң сом киреше эсептелинген. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 26,4 миң сомду түздү. 2019 - жылдагы шайкештик аудитте  1070,5 миң сомдук сатып алуулар Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 3-апрелиндеги №72 “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын бузуу менен порталга жайгаштырылбастан, конкурс өткөрүлбөстөн нак акчага сатып алынгандыгы аныкталды, аудиттин жыйынтыгы менен аталган Мыйзамдын талаптарын сактоо боюнча сунуштама жөнөтүлгөн.

Социалдык өнүктүрүү жана ишкердик институтунда 2018 - жылга карата “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптары аткарылбастан  792,7 миң сомго ар түрдүү товардык –материалдык баалуулуктарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алынган. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитте каржылык бузуулар аныкталган эмес.

Кыргыз мамлекеттик дене-тарбия жана спорт академиясында 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган 108 студент окуудан чыгарылган жана ошого байланыштуу Академияда 6800,8 миң сом суммасында рационалдуу эмес колдонулган. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитте 6220,9 миң сомдук бюджеттик каражаттарды рационалдуу эмес пайдалануулар аныкталган.

К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде 2018 – жыл ичинде бюджеттин эсебинен каржыланган грантты колдонуучулардан 84 студент окуудан чыгарылган, жыйынтыгында рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 4300,4 миң сомду түзгөн. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин С.Турсунов атындагы агроэкономикалык колледжинде 20 студент окуудан чыгарылган. Жыйынтыгында 610,0 миң сом рационалдуу эмес колдонулган. К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин С. Ибраимов атындагы Агротехникалык колледжинде 18 студент окуудан чыгарылган. Жыйынтыгында 358,2  миң сом рационалдуу эмес колдонулган. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 21-августундагы  № 415 “2019-2020-окуу жылына кесиптик орто билим берүүнүн билим берүү уюмдарына окутууга кабыл алуу үчүн адистиктердин жана бюджеттик орундардын санынын тизмесин бекитүү жөнүндө” токтомун жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 23.08.2019-жылдагы № 1006/1 буйругун  бузуу менен колледжге “Жерге жайгаштыруу” адистигинин ордуна “Гидротехника” адистиги киргизилгендиги аныкталган. Ошондой эле, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин С. Ибраимов атындагы  Агротехникалык колледжинде 452,7 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.

Ош шаарындагы Кыргыз-Өзбек университетинде 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте жылуулук жана электр энергиясын пайдалануу боюнча бекитилген лимит өлчөмдөрү сакталбай, 18,9 миң сомго бюджеттик жоготууларга жол берилген.  2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте бюджеттик негизде окуган студенттер четтетилгенине байланыштуу, рационалдуу эмес пайдаланылган 835,3 миң сом аныкталган, аудиттин жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттарды республикалык бюджетке толуктоо боюнча иш чараларды алып баруу боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

Ош мамлекеттик юридикалык институтунда 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте 12,1 миң сомдук товардык материалдык баалуулуктардан жетишпестиги аныкталды. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-декабрындагы № 670 токтомунун негизиндеги бекитилген “Билим берүү уюмдарын жана программаларын аккредитациялоонун тартибинин” талаптары толук сакталбаганы аныкталды.

Академик Т. Садыков атындагы Улуттук көркөм сүрөт академиясында                 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте 161,6 миң сом суммасында товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары, сапар чыгымдарына негизсиз төлөөлөр жана дебитордук карызды жашыруу аныкталган.  2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте 296,1 миң сом суммасында  товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча чыгымдарынан бюджеттин жоготуулары келип чыккандыгы аныкталды. Ошондой эле, 46,7 миң сом суммасында каражаттар рационалдуу эмес пайдаланылган.

            А.Ж.Мырсабеков атындагы Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда  2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте Институттун бюджеттик грант эсебинен окуган, бирок ар-түрдүү себептер менен жалпысынан 44 студенттер окуусунан четтетилген, натыйжада орточо эсеп менен сарпталган 1 161,6 миң сом бюджеттик каражат пландаштырылган максатка жетпей рационалдуу эмес пайдаланылган. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте бюджеттик негизде окуган студенттер четтетилгенине байланыштуу рационалдуу эмес пайдаланылган 1508,2 миң сом аныкталган, аудиттин жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттарды республикалык бюджетке толуктоо боюнча иш чараларды алып баруу боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

            М.М.Адышев  атындагы Ош технологиялык университетинде 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте бюджеттик негизде окуган студенттер четтетилгенине байланыштуу, рационалдуу эмес пайдаланылган 1362,9 миң сом аныкталган, аудиттин жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттарды республикалык бюджетке толуктоо боюнча иш чараларды алып баруу боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университети боюнча 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте эмгек акыны негизсиз төлөмдөрү жана курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүн көтөрмөлөөнүн натыйжасында  87,9 миң сом суммасында финансылык бузуулар орун алган. 2019 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте командировкалык чыгымдарга ашыкча 49,4 миң сом төлөнгөнү жана 448,6 миң сом суммасындагы товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору аныкталды, аудиттин жыйынтыгы менен калыбына келтирүү боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

Талас мамлекеттик университетинде 2018 - жылда электро энергияны лимиттен ашык пайдалануунун натыйжасында  6,0 миң сомго ашыкча чыгымдалган. Талас мамлекеттик университетинин кесиптик орто билим берүү бөлүмү Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар” жөнүндө Мыйзамынын 10 - беренесин бузуу менен мамлекеттик сатып алуулардын электрондук вебпорталына жарыялабастан, аудит камтыган мезгил аралыгында жалпы суммасы 1103,9 миң сомго сатып алуулар жүргүзгөн. 2019 - жылга карата бюджеттик негизде окуган студенттер четтетилгенине байланыштуу рационалдуу эмес пайдаланылган 6540,0 миң сом аныкталган, аудиттин жыйынтыгы менен бюджеттик каражаттарды республикалык бюджетке толуктоо боюнча иш чараларды алып баруу боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

К. Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде 2018 - жылга карата жалпы финансылык бузуулар  12,0 миң сомду түздү, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишпестиги - 2,6 миң сом, текшерүүнүн жүрүшүндө өндүрүлдү; сапар чыгымдарына каражатты негизсиз чыгымдоо- 6,2 миң сом; бюджетке которулууга тийиштүү ижара акылары - 3,2 миң сом; 2019 жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жүрүшүндө арифметикалык ката кетирилип эмгек акыга 2,1 миң сом ашыкча төлөнгөн жана командировка чыгымдарына 5,1 миң сом негизсиз төлөнүп берилгендиги аныкталып, калыбына келтирүү боюнча жазма буйрук жөнөтүлгөн.

К. Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинде 2018 жылга карата жүргүзүлгөн аудитте электр энергиясын лимиттен ашыкча пайдалануусунан 2597,3 миң сом суммасында бюджеттин жоготуулары аныкталган. 2019 жылга карата  жүргүзүлгөн аудитте пландалган максаттарга жетпей, белгилүү бир иш-чараларга сарпталган бюджеттик каражаттар 799,6 миң сомду түзгөн. Аудиттин жүрүшүндө 200,5 миң сом суммасында каражаттар республикалык бюджетке которулган.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде 2018 жылга карата жүргүзүлгөн аудитте 1645,0 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталып, 1576,0 миң сом ордуна коюлууга тийиш акча каражаттары толук ордуна коюлган. 2019 - жылга карата  жүргүзүлгөн аудитте бюджеттин кирешелерине кошумча 410,4 миң сом суммасында  каражаттар эсептелгендиги белгиленди. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын “Бюджеттик кодексинин” 21- беренесинин 3 пунктун бузууга жол берилип, 769,4 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.

Жалал –Абад мамлекеттик университетинде 2018 - жылга карата жүргүзүлгөн аудитте рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 1607,1 миң сом суммасында аныкталган. 2019-жылга карата, жүргүзүлгөн шайкештик аудитте ижарага берилген жалпы 531,67 чарчы метр жер жана пайдалуу аянтына жер салыгы эсептелбеген жана бюджетке төлөнгөн эмес. Аудиттин жыйынтыгы менен Салык кызматына текшерүү жүргүзүү боюнча сунуштама жөнөтүлгөн.

 Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде 2018 - жылга жүргүзүлгөн аудитте товардык- материалдык баалуулуктардын ашыкча корлору 5313,6 миң сом суммасында аныкталган.  2019 - жылга карата  жүргүзүлгөн шайкештик аудитте 13 студент окуудан четтетилгендигине байланыштуу, 268,1 миң сом рационалдуу эмес колдонулган.

И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде 2019 - жылга карата  жүргүзүлгөн аудитте рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 3351,0 миң сом суммасында аныкталган, анын ичинен: 810,5 миң сом пландалган максаттарына жетпестен колдонулган каражаттар (аудиттин жүрүшундө калыбына келтирилген); товардык-материалдык баалуулуктардын ашыкча корлору - 2540,5 миң сом;

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын ишмердүүлүгүнө жана бюджеттик, атайын жана башка каражаттардын сарпталышына 2017 - 2018-жылдарга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар 1 449,0 миң сом суммасында аныкталган.

2019-2020-жылдарга Кыргыз мамлекеттик юридикалык университетинде жүргүзүлгөн шайкештик аудитте эмгек акыны төлөөдөгү каржылык бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодексинин” 332 - беренесин бузуу менен 36,4 миң сом суммасында акча каражаттары № 99 кесиптик лицейде төлөнгөн.

 Академик У. Асаналиев атындагы Кыргыз мамлекеттик геология, тоо-кен иши жана жаратылыш ресурстарын өздөштүрүү университетинде 2019-жылга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитте 600,6 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 27-апрелиндеги  № 258  “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” жобону жана “Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” токтомун бузуу менен эмгек акы төлөнгөн. Бюджеттин жоготуулары 2041,7 миң сомду түзгөн. Ошондой эле, 841,0 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.

Жүргүзүлгөн аудиттердин отчеттору бекитилип, тийиштүү мамлекеттик мекемелерге маалыматтар жиберилген.