Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 24  – июнунда  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

 Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага - Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор:                              Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Мукаш Кадырович Арзыбаев, Зарылбек Апасович Сатаев, Алимжан Топчубаевич Байгазаков жана ошондой эле, Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана чакырылган мекемелердин жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудитор М.К. Арзыбаев тарабынан сунушталган 01.01.2018-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институтунда жүргүзүлгөн бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудитинин жыйынтыктары жөнүндө отчет жана 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясынын бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды. Кыргыз Республикасынын                          Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жетекчиси А.С. Тажиев 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратында жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчетун сунуштады. Аудитор З.С. Жоошбеков тарабынан сунушталган 01.01.2018-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Слово Кыргызстана” Басма үйүнүн ишмердигине жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен шайкештик аудитинин жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды. Күн тартибинин акыркы маселеси болуп, аудитор З.А. Сатаев  тарабынан сунушталган 01.01.2018-жылдан 31.12.2020-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкек машина куруу заводу” Ачык акционердик коомунда  жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити жөнүндө отчет каралды.

Аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине  жана аудит жүргүзүлгөн мекемелерге жөнөтүлөт.