Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара-Суу районунда 2019-2020 жылдарга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары

 

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2019-жылдын                  1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Кара-Суу районундагы айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, Кара-Суу районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысынан 25352,8 миң сомдук  каржылык бузуулар  аныкталган. Кем чыгуулар 60,7  миң сомду түзгөн. Каражаттарды  сарптоодо  кетирилген  кемчиликтер  жана  тартип бузуулар 23718,4 миң сом,  анын  ичинен: негизсиз  эмгек  акы  төлөөлөр  128,3 миң сом, негизсиз чыгышталган  материалдык баалуулуктар  жана  акча  каражаттары 155,3 миң сом, сапар чыгымдарына артыкча төлөөлөр 37,2 миң сом, курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу 11275,9 миң сом, бюджеттик  каражаттарды  максатсыз  пайдалануу 1511,8 миң сом,  эсептен дебитордук  карыздардын жашыруу 10609,9 миң сом,  бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 1166,0 миң сом, социалдык  фонддун  бюджетине  кошумча  кирешелерди  эсептөө 407,7  миң сом.

Аныкталган финансылык бузуулардын  ичинен өндүрүүгө  жатканы 25254,7 миң сом  болсо,  анын  ичинен  аудит  убагында  жана андан кийин өндүрүлүп,  ордуна  коюлганы 6200,1 миң сом  жана  өндүрүлбөй  калганы  19054,6 миң сом.  

  Мындан  сырткары  4334,8 миң  сомдук бюджеттик жоготуулар  жана, рационалдуу эмес пайдаланылган каржаттар 60,4 миң сом суммасында аныкталган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн 2021-жылдын 17-майында өткөрүлгөн коллегиясынын  чечими менен, Мады жана Савай айыл өкмөттөрүндө аныкталган 2379,5 миң сомдук бюджеттик жоготуулар жана Сарай айыл өмөтүндө аныкталган 17322,7 миң сомдук каржылык бузуулар боюнча аудиттин материалдары, укуктук баа берүү үчун, Ош областтык прокуратурасына  жиберилген.