Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жалал – Абад шаарынын мекемелеринде 2019-2020 жылдарга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Жалал-Абад шаарынын мэриясынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, Жалал-Абад шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлгөн.

Аудиттин жыйынтыгы менен жалпысы болуп 795,7 миң сомдук каржылык бузуулар  аныкталган. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кем чыгуулар  790,2 миӊ сомду түзгөн, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөөлөр 42,7 миӊ сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу 38,3 миң сом, атайын  каражаттарды  казыналыктан  сырткары  сарптоо 401,0 миң сом, аткарылган курулуш иштерине кошуп жазуулар 9,8 миң сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 196,0 миң сом, дебитордук карыздарды эсептен жашыруулар 102,4 миң сом,  бюджетке кошумча киреше эсептөөлөр 1,4 миң сом, анын ичинен салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар 1,4 миң сом, социалдык фонд взносторуна кошумча эсептөөлөр 4,1 миң сом.

Аныкталган каржылык тартип бузуулардын ичинен  777,5 миң сому өндүрүлүп, ордуна коюлууга жатат. Аудит учурунда 152,5 миң сому  өндүрүлүп ордуна коюлган, ордуна коюлбаганы 615,2 миң сом. 

Мындан сырткары 1012,3 миң сом суммасында бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган. Ошондой эле аудит мезгили аралыгында рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 75,5  миң сом суммасында аныкталган.