Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 Базар-Коргон районунда 2019-2020 жылдарга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош,          Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы База-Коргон районундагы айыл аймактарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына, Базар-Коргон    районунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна аудит жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында жалпысынан  1745,3 миң сомдук  финансылык  бузуулар  аныкталды. Жетишпестиктер  94,9  миң сомду түзгөн.     Каражаттарды  сарптоодо  кетирилген  кемчилдиктер  жана   бузуулар  1453,2 миң сом,  анын  ичинен: негизсиз  эмгек  акы  төлөөлөр 148,2 миң сом, негизсиз чыгышталган  материалдык баалуулуктар  жана  акча  каражаттары 74,4 миң сом, сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 79,7 миң сом, аткарылган курулуш иштерине кошуп жазуулар 114,0 миң сом, бюджеттик  каражаттарды  максатсыз  пайдалануу 75,0 миң сом, атайын каржаттарды максатсыз пайдалануу 789,0 миң сом, дебитордук  карыздардын эсептен жашыруу 172,9 миң сом;  бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 139,4 миң сом; социалдык  фонддун  бюджетине  кошумча  кирешелерди  эсептөө  57,8 миң сом.

Аныкталган финансылык тартип бузуулардын  ичинен өндүрүүгө  жатканы 1599,4  миң сом  болсо,  анын  ичинен  аудит  убагында  өндүрүлүп,  ордуна  коюлганы  1111,0  миң сом  жана  өндүрүлбөй  калганы  488,4 миң сом.  

Мындан  сырткары 313,9  миң  сомдук бюджеттик жоготуулар  аныкталды.