Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ага Кеңештин мүчөлөрү: төрага – Алмазбек Шаршембиевич Акматов, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Мукаш Кадырович Арзыбаев,    Зарылбек Апасович Сатаев

жана  ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери жана аудит жүргүзүлгөн объекттердин жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор  А.Т. Байгазаков жана М.К. Арзыбаев тарабынан сунушталган 2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттикте бюджеттин аткарылышына, капиталдык салымдарга бөлүнгөн республикалык бюджеттин каражаттарын өздөштүрүлүшүнө жүргүзүлгөн аудит жөнүндө жана 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары  боюнча отчеттор каралды. Ошондой эле, 2009-2020-жылдарга карата бюджетке салыктарды жана башка төлөмдөрдү төлөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” ЖАКсынын милдеттенмелеринин аткарылышын текшерүү жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2021-жылдын 17-февралындагы № 4405-VI жана 2021-жылдын 24-февралындагы № 4422-VI токтомдору менен түзүлгөн Кумтөр алтын кенин иштетүүнүн натыйжалуулугун изилдөө боюнча Мамлекеттик комиссиянын курамынын ишинин жыйынтыгы жөнүндө маалыматты угушту.

 Отурумдун жыйынтыгында, отчеттор бекитилди жана аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө маалыматтар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына жана Кыргыз Республикасынын Кабинет министирлигине жөнөтүлөт.