Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“Пенсиялык сабаттуулукту жогорулатуу” темасында лекция жарандарды пенсиялык камсыздандыруу тутуму жөнүндө маалымат берүү максатында

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун Окуу борборунун адистери тарабынан уюштурулду. Окуу борборунун кызматкерлери пенсиялык тутумдун топтоо жана бөлүштүрүү компоненттери, каржылоо, пенсияларды эсептөө жана төлөө жөнүндө кеңири маалымат беришти.

Пенсия - камсыздандырылган адамга камсыздандыруу окуясы болгон учурда, мыйзамда белгиленген өлчөмдө жана шарттарда: карыганда, майып болгондо, багуучусунан айрылганда кепилденген ай сайын камсыздандыруу төлөмү болуп эсептелет.

Бүгүнкү күндө 687 миңден ашуун пенсионерлерге пенсия дайындалган жана төлөнгөн, анын ичинен 76% пенсионерлер, 18% майыптыгы боюнча, 6% - багуучусунан айрылгандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунан пенсия алып келишет. Орточо пенсия 5906 сомду түзөт.

2017-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын базалык бөлүгүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 1780 сом өлчөмүндө бекитилген. Пенсиянын базалык бөлүгү пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү пенсия дайындалган күнгө карата пенсионердин үч эмгек акысынын наркынан ашпаган адамдарга дайындалат.

Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун сайтында, жеке кабинет аркылуу, жеке идентификациялык номерин колдонуп, пенсия дайындоо жөнүндө онлайн арыз берүүгө болот.

Лектор бүгүнкү күндө мамлекеттик пенсияга гана ишенбей, аны өз алдынча топтоого мүмкүн экендигин  белгиледи.

Жыйынтыгында, ал жеке камсыздандыруу эсебинин абалы жөнүндө билдирүүнү кылдаттык менен изилдөөнү сунуш кылды. Салымдардын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Социалдык фондундагы жеке камсыздандыруу эсебине канчалык көп келип түшсө, пенсия ошончолук чоң болот, жана ошондой эле жумуш берүүчү тарабынан Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна төгүмдөрдүн  келип түшүүсүн көзөмөлдөй алат.