Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун  жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрүнүн

тажрыйба алмашуу боюнча үчүнчү "Jira долбоорун башкаруу платформасын колдонуу" семинары видеобайланыш режиминде болуп өттү.   Ага Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик  контролдоо комитетинин, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын жана  Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

Өзүнүн кириш сөзүндө Эл аралык жана аймактык кызматташуу департаментинин директорунун орун басары Махмутов Т.А. семинардын ачылышы жөнүндө жарыялоо менен бирге, бардык катышуучуларга ийгилик каалады.

Финансылык аудит департаментинин директорунун орун басары Стрижеусов Д.А., "Jira" (мындан ары - Jira) долбоорун башкаруу платформасын колдонуу " деген темада доклад сунуш кылды. Презентация учурунда Jira нын башка башкаруу инструменттерине салыштырмалуу артыкчылыктары көрсөтүлдү. Стрижеусов Д.А. Jira башкаруу платформасы Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын ыкчам иш-аракеттеринин алкагында ишке ашырылып жаткан долбоорлорду пландаштырууну, башкарууну жана автоматташтыруу үчүн колдонула тургандыгын белгиледи. Jira колдонуучуларга долбоорлорду түзүү, редакциялоо, ар кандай тапшырмаларды аткаруу боюнча иштөө мүмкүнчүлүгүн берет. Jira менен иштөө үчүн компьютерде негизги колдонмолор: Windows, MS Word, Excel негиздери, Internet Explorer / Google Chrome браузерлери менен иштөө жетиштүү.

Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Эл аралык жана аймактык кызматташуу департаментинин директору Махмутов Т.А. бардык катышуучуларга ыраазычылык билдирип, бул жолугушуу тааныштыруучу жолугушуу экендигин, келечекте Jira долбоорун башкаруу платформасын колдонуунун этабы  менен иш алып барыларын белгиледи.