Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

 - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын иш кагаздарын жүргүзүү секторунун жетектөөчү адиси (МА) - бош административдик мамлекеттик кызмат ордуна - 1 бирдик

  Квалификациялык талаптар:

 Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундарына коюлган жалпы квалификациялык талаптар:

III. Административдик Мамлекеттик кызматтын кенже кызмат орундарына:

  1.  
  •  КР Конституциясы

- Кыргыз Республикасынын Мыйзамы: "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө";

- Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

  1. Мамлекеттик жана расмий тилдерди кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон деңгээлде билүү.

Компьютердик сабаттуулук жана керектүү программалык продуктуларга ээ болуу (Word, Excel, "TOKTOM Мамлекет Про" маалыматтык-укуктук тутуму), анын ичинде:

  • Бет ачарларды уюштуруу;
  • Тесттик, графикалык жана таблицалык редакторлор менен иштөө;
  • Издөө тутумун пайдалана билүү;

-    кызматтык этиканын ченемин эсепке алуу менен, социалдык тармактарда туура өз ара аракеттешүү;

-    маалыматтарды таблица, графика жана диаграмма түрүндө берүү;

-    уюмдун веб-конференц-байланыш тиркемесин пайдалануу;

-    видеоматериалдарды сактоо, жеткирүү жана көрсөтүү үчүн веб-тиркемени пайдалануу;

-    антивирустук программаны пайдалануу;

-    шифрлөө аркылуу маалыматтык тутумдарды жана маалыматтарды коргоо;

-    логин жана шарттуу белгини орнотуу;

-   компьютер менен иштөөдө маалыматтык коопсуздук гигиенасын сактоо.

 

IV. Бардык административдик мамлекеттик кызмат орундарына кесиптик компетенциялары:

 

1. Билими:

       -  Кыргыз Республикасынын мыйзамдары: “Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жөнүндө”; “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”;

       - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген, Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамалар;

      - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2013-жылдын 5-декабрындагы №01-3/96 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын регламенти;

       - Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы №43 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикалык кодекси;

       - Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин 2005-жылдын 25-ноябрындагы №01-08/60 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикалык кодекси.

 2. Кыргыз Республикасынын жарандыгы.

 

1. Кесиптик билим деңгээли

 - мамлекеттик башкаруу, менеджмент, гуманитардык билими жаатындагы жогорку кесиптик билими;

2.  Эмгек стажы жана иш тажрыйбасы:

-  иш тажрыйбасын көрсөтпөстөн.

3. Кесиптик компетенциялары

 Билими:

-  “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” КР Мыйзамы;

- КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 31-декабрындагы “Мекемелердин, уюмдардын, ишканалардын ишинде түзүлгөн, сактоо мөөнөттөрү көрсөтүлгөн башкаруу документтеринин типтүү тизмесин бекитүү жөнүндө” 2010-жылдын 31-декабрындагы №346 токтому;

-  КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча

типтүү нускамасы;

- чет тилдерди билүү (жакшы болмок).

Билгичтиги:

- жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;

- документтерди, маалыматтарды, сурамдарга жоопторду сапаттуу даярдоо;

- кызматтык милдеттерине ылайык, өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;

- жарандардын кайрылуулары боюнча кароо жана жоопторду даярдоо;

- мамлекеттик жана / же расмий тилде иштиктүү кат алышуу;

-командада иштей билүү.

Жөндөмдүүлүгү:

- ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды иш жүзүндө колдонуу.

Жетектөөчү адистин кызматтык милдеттери:

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы;

- жарандардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышын жана корголушун камсыз кылуу;

- Эсептөө палатасынын кызматкеринин Этика кодексин сактоо;

- Эсептөө палатасында белгиленген ички күнүмдүк эмгек эрежелерин, кызматтык нускамаларын, кызматтык маалымат менен иштөө  тартибин жана кызматтык өз ара мамилелерди сактоо;

- кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон квалификация деңгээлин сактоо;

- ченемдик укуктук актылардын, тескөөчү документтердин долбоорлорун иштеп чыгуу жана / же макулдашуу;

 - өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде жарандардын жана уюмдардын кайрылууларын кароо жана консультация берүү;

- иши жөнүндө отчетторду даярдоо (айлык, кварталдык жана жылдык);

- өзүнүн компетенциясынын чегинде өнүгүү маселелери боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;

- өзүнүн ыйгарым укуктарынын жана функцияларынын чегинде коррупцияга каршы күрөштү ишке ашыруу;

- Эсептөө палатасынын төрагасынын буйруктарынын долбоорлорун, Эсептөө палатасынын Кеңешинин токтомдорун, протоколдорду, иш кагаздарын жүргүзүү секторунун ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча каттардын долбоорлорун жана башка кызматтык документтерди даярдайт;

- Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумун даярдоону жана өткөрүүнү уюштурат;

- кеңешмелердин, отурумдардын протоколдорун түзөт жана кабыл алынган чечимдерди аткаруучуларга билдирет;

- чыгуучу документтерди иштеп чыгат;

-  кириш, чыгыш жана ички документтердин аткарылышын көзөмөлдөйт;

- Эсептөө палатасынын иштеринин жыйынтыкталган номенклатурасын түзүүгө катышат;

- Эсептөө палатасынын расмий сайтына жайгаштыруу үчүн иш кагаздарын жүргүзүү секторунун тиешелүү документтерин даярдоого жана белгиленген тартипте берүүгө катышат;

- Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдарында,

иш кагаздарын жүргүзүү секторунун карамагындагы маселелер боюнча өткөрүлгөн, комиссиялардын жана жумушчу топтордун кеңешмелеринин, отурумдарынын;

- Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумдарында, кеңешмелеринде, комиссиялардын жана жумушчу топтордун, иш кагаздарын жүргүзүү секторунун карамагындагы маселелер боюнча  өткөрүлгөн жыйналыштарга белгиленген тартипте катышат;

- алардын кызматтык ыйгарым укуктарынын чегинде берилген сектор башчысынын буйруктарын жана тапшырмаларын өз убагында жана сапаттуу аткаруу.

Конкурска катышуу үчүн төмөндөгүдөй документтерди берүү керек:

1) жеке арызы   (формасы esep.kg сайтында жайгаштырылган);

2) 4,5х6 сүрөтү менен кадрларды эсепке алуу боюнча  баракча (формасы esep.kg сайтында жайгаштырылган);

3) өмүр баяны (формасы esep.kg сайтында жайгаштырылган);

4) 4,5х6 сүрөтү менен резюмеси;

5) паспорттун көчүрмөсү (паспорттун түп нускасы конкурска келгенде көрсөтүлөт);

6) иштеген жеринде же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн  көчүрмөлөр:

- эмгек китепчеси;

- жогорку билими жөнүндө диплом;

- квалификациясын жогорулаткандыгы жөнүндө сертификат.

         * Конкурска катышууну каалаган жарандар, көктөмөгө тиркелген документтерди конкурс өткөрүү тууралуу жарыя газетага жана веб-сайтка жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде төмөндөгү дарек боюнча  беришет: Бишкек шаары, Исанов көчөсү, 131, 208 же 210-кабинет.

Белгиленген талаптарга жооп бербеген документтерди жана маалыматтарды берген жарандарга, ачык конкурска катышууга жол берилбейт.