Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ысык-Ата районунда  жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 3,7 млн. сом суммасында финансылык бузуулар аныкталды.

 

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга аудитордук иш планына ылайык, 2019-жылдын 1-январынан тартып 2020-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Ысык-Ата районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен каржыланган айрым мекемелеринин бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканаларынын ишине аудиттер жүргүзүлгөн.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 3 732,3,1 миң сом суммасында финансылык бузуулар аныкталган. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 2629,0 миң сомду түздү,  анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 1350,9 миң сом; курулуш-куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы-393,4 миң сом; эсеп бонча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 341,4 миң сом; бюджеттин башка денгээлинде турган уюмдарга бөлүнгөн жергиликтүү бюджеттин каражаттары – 543,3 миң сом; бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери – 459,1 миң сом, алардын ичинен: салык жана бажы мыйзамдарынын бузулушу – 444,0 миң сом; бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акысы – 15,1 миң сом (калыбына келтирилген); Социалдык фондго кошумча чегерилген кирешелер – 587,5 миң сом.

            Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 7 716,1 миң сомду түзгөн, анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашыкча чыгымдары – 3 060,7 миң сом;  эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 3 722,0 миң сом; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана башка органдар тарабынан бюджетти түзүүдө анын киреше бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн азайтуу жана чыгаша бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн жогорулатуу менен колдонуудагы мыйзамдарга карама-каршы келген чечимдерди кабыл алгандыгына байланыштуу, салык, бажы жана башка төлөмдөр боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 296,7 миң сом;  Бюджеттин башка резервдери жана жоготуулары – 636,7 миң сом. Товардык-материалдык баалуулуктардын  нормативден ашыкча запастары  жана эсептеги каражаттар – 1 304,4 миң сом суммасында аныкталган.

            Бардык аудит жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилген.