Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“СК Ресурс” Жоопкерчилиги чектелген коомунун 2018-2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата «СК Ресурс»  Жоопкерчилиги чектелген коомунда  жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет каралды.

            Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн 2010-жылдын 19-июнундагы № 95 “Каприз”, “СК Ресурс” Жоопкерчилиги чектелген коомдорунун уставдык капиталдарындагы үлүштү жана коттеджди мамлекеттештирүү жөнүндө” декретине ылайык, “Sky Finance” жабык акционердик коомунун жана “СК Ресурс” жоопкерчилиги чектелген коомунун уставдык капиталындагы 70 пайыз үлүшү улутташтырылган.  Ошентип, мамлекет “СК Ресурс” ЖЧКнын уставдык капиталынын 70 пайыз үлүшүнө ээлик кылат.

Коомдун негизги кирешеси Каракол лыжа базасында жайгашкан Каприз-Каракол мейманканасында көрсөтүлгөн кызматтардан түзүлөт. Ошол эле учурда, мейманканада көрсөтүлгөн кызматтар үчүн баа эсептөөлөрү жок экендиги белгиленди.

Аудиттин пикири боюнча, жумуштун мезгилдүүлүк мүнөзүн эске алуу менен, Коомдун директорунун 3 орун басарын күтүү максатка ылайык эмес, ошол эле учурда материалдык баалуулуктарды эсепке алууну сапаттуу жүргүзүү үчүн кызматкерлердин жетишсиздиги белгиленди.

Ошондой эле, аудиттин жүрүшүндө милдеттенмелердин активдерден ашып кеткендигин белгиледи. Коом тарабынан 2009-жылы түзүлгөн кредиттик келишимдердин шарттарындагы  милдеттенмелер боюнча төлөмдөр жүргүзүлгөн, карыздын калдыгы 2020-жылдын башына карата 2,6 млн АКШ долларын түзгөн. Чет өлкө валютасында (АКШ доллары) кредиттерди, зайымдарды төлөөгө байланыштуу, андан ары Коом тарабынан курстук айырмачылыктан келтирилген зыяндарын тартууда жогорку тобокелдик бар, ал 2012-2018-жылдарга карата 74 ,8 млн. сомду түзгөн.

2017-жылы резидент эместердин салыгы тышкы насыя боюнча төлөнгөн пайыздардан кармалып калган эмес, анын суммасы, өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн эсептелген туумду эске алуу менен, 460,5 миң сомду түзгөн.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 206-беренесине ылайык, ишкана чыгымдарды 5 жылга узартууга укуктуу. Коомдун 2016-2019-жылдардагы кирешеси тышкы насыялар боюнча курстун терс айырмачылыгынан келип чыккан чыгымдарды жабууга багытталган. Аудиттин  жүрүшүндө, Коом тарабынан салык декларациясында 2015-жылдагы чыгымдын көлөмү 54,5 миллион сомго узартуу менен ашыкча көрсөтүлгөндүгү аныкталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча, "СК Ресурс" ЖЧКсына жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна тиешелүү сунуштамалар, ошондой эле Мамлекеттик салык кызматына маалымат жөнөтүлдү.