Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

“ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында 2018-2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясында 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына шайкештик аудити жүргүзүлдү.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында боюнча, “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын иши  айрым кемчиликтерден тышкары, жалпысынан мыйзамдын талаптарына шайкеш келет. Каржылык бузуулар эмгек акыны төлөөдө 4263,2 миң сом суммасында аныкталды. Мындан сырткары рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар, ченемден ашыкча товардык-материалдык баалуулуктардын запастары 486,8 миң сомду түздү.  

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  отчет жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясына  отчет, жазма буйрук жана сунуштар жөнөтүлгөн.