Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2017-2019 жылдарга карата “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудиттин  жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан,  2017-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомунда жүргүзүлгөн натыйжалуулук аудити  жөнүндө  отчет каралды.

Аудиттин жыйынтыгында төмөндөгүлөр аныкталды: «МИК» ААКсы Кыргыз Республикасында ипотекалык насыялоо механизмин калыптандыруу жана ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан коюлган жеткиликтүү турак жайдын өнүгүшүнө  түрткү боло турган тапшырмаларды, каржылоону тартуу менен негизинен аткаргандыгы аныкталды.

Программаны ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген Иш-чаралар планын аткарууда айрым кемчиликтер жана жетишпегендиктер аныкталган. Ипотекалык насыялоо механизмдери айрым багыттар боюнча толук эмес аткарылгандыгы белгиленет.

Республиканын аймактарында «МИК» ААКсынын жетишсиз ишин  эки регион менен гана (Бишкек жана Нарын) чектелгендиги  айгинелейт.

Жергиликтүү бийликтин жардамы менен арзан турак жай куруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү боюнча каралган чаралар, айрым жергиликтүү бийлик органдарынын жер участокторун бөлүп берүү ниетине карабастан, аткарылган эмес.

«МИК» ААКда турак жай базарындагы баалар жана бүтүмдөр жөнүндө маалымат базасы түзүлгөн эмес, бул ипотекалык насыялоо саясатын иштеп чыгууда тобокелдиктерди баалоо даражасын төмөндөтүшү мүмкүн.

Жакынкы аралыктардагы «МИК» ААКсынын негизги көйгөйлөрүнүн бири - республикалык бюджеттен берилген насыялар боюнча негизги карыздын өз убагында төлөнбөй калуу коркунучу. «МИК» ААКсынын республикалык бюджетинен жалпы суммасы 3300,0 млн сомду түзгөн каражаттардын төлөө мөөнөтү акча каражаттары которулган күндөн тартып 10 жыл деп белгиленген. Ошол эле учурда, «МИК» ААКсы тарабынан, ипотекалык насыя үчүн бул каражаттар 15 жылдык мөөнөткө берилген. Натыйжада, 2023-жылдан баштап, берилген ипотекалык насыялар боюнча «МИК» ААКсынын алган каражаттары, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине насыялар боюнча негизги карызды төлөө графигине ылайык, толук төлөөгө мүмкүнчүлүк бербейт.

Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине ылайык, компенсациялык төлөмдөр эмгек акынын өзгөрүлмө бөлүгү болуп саналып, кызматкерлерди стимулдаштыруу же түрткү берүү максатында эмес, кызматкерлердин мыйзамдык милдеттерин аткарууга байланышкан чыгымдарын төлөп берүү үчүн жүргүзүлүшү керек. Компенсациялык төлөөлөр стимулдаштыруучу жана түрткү берүүчү максатта болбошу керек, бул каражаттарды сарамжалсыз пайдаланууга, акыры, «МИК» ААКсынын ишинин натыйжасына залакасын тийгизиши мүмкүн.

Ошондой эле, 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиттер планы боюнча Бишкек шаарындагы “Тунгуч” кичи районундагы 9 кабаттуу 135 батирлүү турак үйдүн жана Нарын шаарындагы И. Раззаков көчөсүндө жайгашкан 2640 чарчы метрдеги 5 кабаттуу 60 батирлүү турак үй куруу үчүн бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын туура пайдаланышына аудит жүргүзүлгөн. Аудиттин жүрүшүндө “Тунгуч” кичи районундагы 9 кабаттуу 135 батирлүү турак үйдү курууда иштин көлөмүн жана наркын 413 517,6 сомго ашыруу аныкталып, подрядчы тарабынан «МИК» ААКсынын эсебине кайтарылган. Нарын шаарындагы И. Раззаков көчөсүндө жайгашкан 2640 чарчы метрдеги 5 кабаттуу 60 батирлүү турак үйдү курууда 1 712 786 сомго курулуш иштеринин көлөмү жана наркы ашырылган жана аудиттин журүшүндө аткарылган жумуштардын көлөмүнөн алынып салынган.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына,  Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине – отчет; Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, “Мамлекеттик ипотекалык компания” Ачык акционердик коомуна - отчет жана сунуштамалар жөнөтүлгөн.