Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинде 2019-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин  жыйынтыктары.

 

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинде жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылдар мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.

       Аудиттин жүрүшүндө жалпы суммасы 2774,4 миң сомду түзгөн каржылык  бузуулар аныкталды, анын ичинде: 326,7 миң сомдук каражаттардын жана товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги; 746,6 миң сом суммасында эмгек акыны негизсиз төлөө; 124,7 миң сом  материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу; 20,5 миң сом казынаны кыйгап өтүү менен колдонулган каражаттар; курулуш-куроо жумуштарынын көлөмүн 27,5 миң сомго ашыкча көтөрмөлөө; 44,8 миң сомго мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу; 1033,4 миң сом суммасында бухгалтердик эсептен жашырылган дебитордук жана ашыкча көрсөтүлгөн кредитордук карыздар; кошумча эсептелген бюджеттин кирешелери 450,2 миң сомду түздү.

      Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 42 696,2 миң сом суммасында аныкталды. Сарамжалсыз колдонулган каражаттар 21 840,7 миң сомду түздү.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жөнөтүлдү. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча жазма буйрук жана сунуш Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жөнөтүлдү.