Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

Аудиттин жүрүшүндө бардыгы болуп 26696,15 миң сом суммасында каржы бузуулары аныкталган, анын ичинен:  эмгек акыны негизсиз төлөөлөр -  11739,8 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу - 382,95 миң сом, дебитордук карызды эсепке алуу боюнча  жашыруулар жана насыялык карызды ашыруу 5925,5 миң сомду жана башкалар түздү.

Мындан сырткары, 75 456,9 миң сом суммасында бюджеттин жоготуусу жана башка резервдер аныкталган.

Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар, анын ичинен пландалган максатына жетпестен, белгилүү бир иш-чараларга чыгымдалган каражаттар  1078,9 миң сом эсебинде белгиленген.

Аудиттин жыйынтыктары боюнча Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан отчет бекитилип,  жазма буйрук жана сунуштама тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлгөн.