Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Акматов Алмазбек Шаршембиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалды.

 

                Президенттин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Зулпиев Бектур Рысбаевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы болуп дайындалган Алмазбек Шаршембиевич Акматовду  тааныштырды. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин квотасына ылайык талапкерлигин жактырган.

                Бектур Рысбаевич  өз  сөзүндө, өлкөнүн мамлекеттик аудитинин жогорку органынын алдында турган милдеттеринин маанилүүлүгүн баса белгилөө менен бирге,  Акматов Алмазбек Шаршембиевичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында инспектордон баштап аудиторлук кызматтарга чейин топтолгон иш тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурду.

                Өз кезегинде,  А.Ш.Акматов ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик аудит жаатында эффективдүү башкаруу боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.