- Подробности
- Просмотров: 757
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жылга карата жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2019-жыл ичинде Өкмөттүн эсептерин тейлөөсүнө, республикалык бюджетке чегерилүүчү пайданын туура эсептелишине аудит жөнүндө отчет каралды.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, кредиттик аукциондордун алкагында банктарды кайра каржылоо, анын ичинде «Айыл чарбаны каржылоо» (6 жана 7-долбоорлор) долбоорун жүзөгө ашырууга берилген каражаттардын максаттуу пайдаланылышына мониторинг жүргүзүү жана ошондой эле, Кыргыз Республикасында нак эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча 2018-2022-жылдарга каралган мамлекеттик программанын иш-чараларынын жүзөгө ашырылышын камсыз кылуу сунушталды.