Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Отун – энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинде бюджеттин аткарылышына  жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан  01.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу Отун – энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинде бюджеттин аткарылышына  жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

Аудиттин жыйынтыгында бюджеттин резервдери жана жоготуулары бардыгы болуп 119,9 миң сом суммасында аныкталган. Мындан сырткары, КР Өкмөтүнө караштуу Отун-энергетикалык комплексти жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин 2016-жылдын 24-ноябрындагы № 4 буйругу менен бекитилген “Электр энергиясына тарифтерди түзүүнүн жана наркын аныктоонун усулдугунда” көрсөтүлбөгөн чыгымдарды кошуу менен, 2018-жыл үчүн техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрдү түзүүдө компаниялар тарабынан жалпысынан болуп 665894,5 миң сом суммасындагы жалпы сарптоолор, электр энергиясына болгон тарифтердин өздүк наркына киргизилген. 

Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет, жазма буйрук, сунуштама жана маалымат тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберилген.