Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021 – жылдын 9 - апрелинде "Мамлекеттик булут маалымат сактагычы" семинары видео конференция режиминде болуп өттү.

Семинар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Санариптик өнүктүрүү мамлекеттик кызматы тарабынан " Digital CASA – Кыргыз Республикасы" долбоорун ишке ашыруунун алкагында өткөрүлду. Семинарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү катышты.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу санариптик өүктүрүү мамлекеттик кызматынын төрагасы Таалайбек Орозов өзүнүн кириш сөзүндө санариптештирүү боюнча иштөөнү өркүндөтүү үчүн булут маалымат сактагычтарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи жана семинардын бардык катышуучуларынын ишине ийгилик каалады. 

Семинарды  Долбоордун консультанты Илья Левинсон алып барып, өз кезегинде ал “Мамлекеттик булут маалымат сактагычтарды” түзүү максаттары, аларды сактоо, киберкоопсуздук жана практикалык чечимдер жөнүндө маалымат берди.