Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

  2021 – жылдын 8- апрелинде Көз карандысыз шериктеш мүчө -мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча семинар видеобайланыш режиминде болуп өттү.

Ага Беларусь Республикасынын Мамлекеттик  контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча Эсептөө комитетинин, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өкүлдөрү катышты.

    Эл аралык жана аймактык кызматташуу департаментинин директору Махмутов Т.А. өзүнүн киришүү сөзүндө КМШ  мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңеши үчүн бир катар семинарлардын ачылышы жөнүндө жарыялады жана семинардын бардык катышуучуларынын ишине ийгилик каалады.

    Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Изилдөө жана методология департаментинин директору Д.А.Цыплакова “Россия Федерациясынын Эсептөө палатасында отчеттордун сапатын баалоо” темасында доклад (презентация менен) жасады.

   Семинардын талкуу бөлүгүндө катышуучулар практикалык маселелерди жана аудитордук иш-аракеттердин сапатын контролдоону камсыздоо боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Жолугушуунун жыйынтыгын чыгарып жатып, Махмутов Т.А. бардык катышуучуларга активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.