Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө, мекемелеринде жана аймактык органдарында 2019-жылда бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.       

       Аудиттин жүрүшүндө министрлик жана анын территориалдык органдары, ведомстволук мекемелери тарабынан  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин жана  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 29-сентябрындагы №626 “Казыналыктын бирдиктүү эсеп системасындагы атайын жана депозиттик эсептерде топтолгон бюджеттик мекемелердин каражаттары жөнүндө» токтомунун талаптары бузулгандыгы аныкталды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген «Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобонун жана Кыргыз Республикасынын каржы министрлигинин 2018-жылдын 25-декабрындагы №137 “Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү жөнүндө” жобонун талаптары сакталбагандыгы белгиленди.

       Текшерүүнүн жыйынтыгында  30214,2 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды, 20663,4 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, текшерүү жүрүшүндө 4298,2 миң сом калыбына келтирилген.  Акча каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 52,5 миң сомду түзгөн жана текшерүүнүн жүрүшүндө толук калыбына келтирилген. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер – 28222,8 миң сомду түздү, анын ичинен : эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 8926,5 миң сом, 1019,4 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш, өндүрүлгөнү – 375,4 миң сом; материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулары 12151,0 миң сом суммасында аныкталды; курулуш - куроо  иштеринде аткарылган жумуштардын көлөмүн жогорулатып көрсөтүү суммасы 1719,7 миң сомду түздү; мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулар 817,7 миң сом, калыбына келтирилүүчү сумма – 8,1 миң сом; дебитордук карызды эсептен жашыруулары 3848,3 миң сом аныкталган, 1968,4 миң сом  калыбына келтирилген; бюджетке кошумча эсептелген кирешелер 104,1 миң сом жана Социалдык фондго кошумча 102,6 миң сом эсептелген.

       Бюджеттин резервдери жана жоготуулары бардыгы болуп 14500,3 миң сом суммасында аныкталды, анын ичинен 336,0 миң сом калыбына келтирилген. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 14699,0 миң сомду түздү.

       Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жиберилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине  жазма буйрук жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына аудит жөнүндө маалымат жана Кыргыз Республикасынын  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине отчет жана жазма буйрук жиберилди.