Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Жайыл районунда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 1 млн. сом суммасында финансылык бузуулар аныкталды.

    

     Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга аудитордук иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Жайыл районунун  жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен  каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканасынын ишине аудиттер жүргүзүлгөн.

     Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 1036,1 миң сом суммасында финансылык бузуулар аныкталган. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 1024,7 миң сомду түздү,  анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 623,4 миң сом; эсеп бонча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 346,3 миң сом; каржылоо булактары жок учурда, бюджеттин башка денгээлинде турган уюмдарга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар  55,0 миң сомду түздү. Социалдык фондго  11,4 миң сом кошумча чегерилген. Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 1816,1 миң сомду түздү. Товардык-материалдык баалуулуктардын ашык запастары жана эсептеги каражаттар 2455,9 миң сом эсебинде аныкталды.     

     Бардык аудит жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилген.