Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Панфилов районунда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 3,1 млн. сом суммасында финансылык бузуулар аныкталды.

 

     Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2020-жылга аудитордук иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына карата мезгил аралыгындагы Чүй областынын Панфилов районунун  жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттен  каржыланган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына, ошондой эле, муниципалдык ишканалардын ишине аудиттер жүргүзүлгөн.

     Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 3 114,1 миң сом суммасында финансылык бузуулар аныкталган. Каражаттарды чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 2 843,6 миң сомду түздү,  анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 2 590,7 миң сом; материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 1,6 миң сом; эсеп бонча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз – 251,3 миң сом; Бюджетке кошумча 4,1 миң сом жана Социалдык фондго  266,4 миң сом кошумча чегерилген.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары 2 799,0 миң сомду түздү. 760,9 миң сом суммасында каражаттар рационалдуу эмес пайдаланылган.        

     Бардык аудит жүргүзүлгөн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана муниципалдык ишканаларына аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жиберилген.