Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

            2021-жылдын 26-мартында Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин  XIX сессиясынын пленардык отуруму болуп өттү.

Отурум видеоконференция режиминде өттү. Ага Азербайжан Республикасынын Эсептөө палатасынын, Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик  контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Республикалык бюджеттин аткарылышын контролдоо боюнча эсептөө комитетинин, Молдова Республикасынын Эсептөө палатасынын Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын, Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасынын, жана ошондой эле Көзкарандысыз мамлекеттер шериктештигинин Аткаруу комитетинин өкүлдөрү катышты.

   Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын м.а. Садыркулова Айжан Медетовна, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жана Тышкы иштер министирлигинин кызматкерлери катышты.

Тажикстан Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Чиллазода Карахон өзүнүн саламдашуу сөзүндө, отурумдун бардык катышуучуларынын ишине ийгилик каалады.

Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Л. Кудриндин “XVIII жана XIX сессияларынын ортосундагы мезгилде Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин иши жөнүндө” баяндамасын угушту.

 Андан ары иш, COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө  АЖОнун ролу жөнүндө  улантылды. Негизинен,  COVID-19 пандемия учурунда жана андан кийин, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жаңы артыкчылыктар, пландар жана аудиттин мамилелери талкууланды.

Өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын атынан Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын м.а. Садыркулова Айжан Медетовна, бардык өлкөлөрдүн  финансылык контролдоонун жогорку органдары артыкчылыктуу маселени - эпидемияга карата саламаттык сакоо тутумунун даярдыгына сапаттуу аудиттерди жүргүзүүнү белгиледи.  Мында, абдан маанилүү кызматка, анын ичинен,  COVID-19 менен күрөшүү боюнча ишке жолтоо болбостон. Ошондой эле, туруктуу өнүгүү максаттары үчүн, бириктирилген күч-аракеттин маанилүүлүгүн белгилеп өттү.

            Күн тартибине ылайык, Кеңештин катчылыгынын иши, стандарттарды иштеп чыгуу боюнча Жумушчу тобунун иши жөнүндө маселе талкууланды. Ошондой эле, Өзбекстан Республикасынын Эсептөө палатасын Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин  курамына кабыл алуу маселеси талкууланды.

            Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин кезектеги ХХ сессиясын өткөрүү орду Бишкекте 2023-жылга  аныкталды.

Жыйнтыгында, Көз карандысыз шериктеш мүчө - мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин  XIX сессиясынын “COVID-19 пандемия шартында туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүдө  АЖОнун ролу” Резолюциясы кабыл алынды.