Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

       Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинде жана анын территориалдык органдарында, ведомстволук мекемелеринде 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы жөнүндө отчет каралды.    

       Аудиттин жүрүшүндө министрлик жана анын территориалдык органдары, ведомстволук мекемелери тарабынан  Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматтар жөнүндө” Мыйзамдарын бузуулар аныкталды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 1-мартындагы №131 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө”   токтомунун жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015 жылдын 27-апрелиндеги №258 токтому менен бекитилген «Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө» жобонун талаптары сакталбагандыгы белгиленди. Ошондой эле, электр энергиясы ашыкча колдонулган жана сапар чыгымдары ашыкча төлөнгөн.

       Текшерүүнүн жыйынтыгында  2214,3 миң сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды, 1221,1 миң сом калыбына келтирүүгө тийиш болсо, текшерүү жүрүшүндө 640,0 миң сом калыбына келтирилген. Анын ичинен: акча каражаттардын жана материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 27,8 миң сомду түзгөн жана текшерүүнүн жүрүшүндө толук калыбына келтирилген; каражаттарды чыгымдоодо бузуулар жана кемчилдиктер – 1847,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш 854,0 миң сомдун 582,2 миң сому калыбына келтирилген. Материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруулары 341,6 миң сом суммасында бузуулар аныкталды, анын ичинен 178,7 миң сом калыбына келтирилген. Казыналыктын тутумунан кыйгап өтүү менен пайдаланылган каражаттар 33,1 миң сомду түздү. Мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдалануулары 16,2 миң сом аныкталган, 8,1 миң сом калыбына келтирилген. Дебитордук карызды эсептен жашыруулары 457,4 миң сом аныкталган, 395,4 миң сом  калыбына келтирилген. Бюджетке кошумча эсептелген кирешелер 339,3 миң сом аныкталган, анын ичинен 30,0 миң сом калыбына келтирилген.

       Бюджеттин резервдери жана жоготуулары бардыгы болуп 3987,8 миң сом суммасында аныкталды, анын ичинен: бюджеттик уюмдарды ашыкча каржылоолор 3169,8 миӊ сомду түзүп, анын ичинен 3061,5 миң сом калыбына келтирилген. Рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар 20942,9 миң сомду түздү.

       Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына жиберилди. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине  жазма буйрук жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигине отчет, жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.