Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

"Эйр Кыргызстан" ачык акционердик коомундагы 2018-2019-жылдарга карата жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары.

 

              Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2018-2019-жылдарга карата “Эйр Кыргызстан” ачык акционердик коомундагы аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.

Финансылык-өндүрүштүк иш-чаралардын жыйынтыгында киреше беренелери 2017-жылга салыштырмалуу төмөндөгөн. Аба каттамдары 2018-2019-жылдарга пландаштырылбагандыктан, Коом тарабынан маршруттар боюнча тариф торчолору бекитилген эмес.

2018 - 2019-жылдардагы финансылык-чарбалык иш-аракеттердин жыйынтыктары жөнүндө консолидацияланган отчетко ылайык, "Эйр Кыргызстан" ААКсынын терс каржылык натыйжасынан улам, дивиденддер төлөнгөн эмес. Жалпы эмгек акы боюнча карыздар 2019-жылдын 31-декабрына карата 13 485,9 миң сомду түзгөн.

Коомдун дебитордук карызын талдоо, дебитордук карызды чогултуу жана алардын пайда болушун көзөмөлдөө иштери төмөн деңгээлде экенин көрсөттү.

"Эйр Кыргызстан" ААКсынын 2018-жылдагы каржылык-чарбалык иш-аракеттеринин натыйжасында 51 176,2 миң сом жана  2019-жылы 41 313,9 миң сом өлчөмүндө чыгымдар түзүлгөн. Терс каржылык натыйжага чыгымдардын көбөйүшү себеп болгон.

 Насыялык карыздар 01.01.2018-жылга карата 165 708,0 миң сомду түзсө, 01.01.2020-жылга карата 165 609,8 түзгөн, же 98,2 миң сомго азайган.

Түркиялык Pegasus авиакомпаниясынын, Россия Федерациясынын Ural Airlines, S7, Yamal авиакомпаниялары жана Кыргыз Республикасынын жеке авиакомпаниялары рынокко чыгышына байланыштуу "Эйр Кыргызстан" ААКсы атаандаштыкка туруштук бере алган жок.  

“Эйр Кыргызстан” АККсына инвестицияларды тартуу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна ата-мекендик мамлекеттик авиакомпанияларды колдоо максатында паритеттик маршруттарды бөлүп беруу сунушталды.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгына жөнөтүлдү. Башкы прокуратурага маалымат үчүн отчет жөнөтүлдү. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жана Жарандык авиация агенттигине сунуш жөнөтүлдү.