Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-2019-жылдарга карата Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигиндеги жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019- жылдын 31- декабрына  чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министирлигине  караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигиндеги жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчету каралды.

Аудит мамлекеттик кызмат орундарынын ченемдик түзүмдөрүнүн пайыздык чендеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 токтомунун 4-тиркемесинин талаптарына ылайык келбегендигин аныктады. Бул токтомго ылайык, эксперттердин, башкы адистердин жана башкы инспекторлордун кызмат орундары 21 бирдиктен ашпашы керек, иш жүзүндө штаттык жүгүртмөдө 27 бирдик, же  6 бирдикке  ашыкча бекитилген.

Коммуналдык кызматтарды төлөө үчүн бюджеттик мекемелерге бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды сарамжалдуу пайдалануу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-июнундагы № 208-р жана 2019-жылдын 16-апрелиндеги №102-р буйруктары менен , электр, жылуулук энергиясын жана жаратылыш газын керектөөнүн бюджеттик уюмдар тарабынан 2018 жана 2019-жылдарга өз керектөөсү үчүн жылдык чектери бекитилген. Бирок, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Мамлекеттик агенттикке электр жана жылуулук энергиясын сарптоонун чегин белгилеген эмес. Электр жана жылуулук энергиясы үчүн чыгымдардын төлөмү мамлекеттик агенттик тарабынан, коюлган эсептерге ылайык, факты боюнча иш жүзүнө ашырылган.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө отчет жана сунуш жиберилди. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигине жогорудагы кемчиликтерди жана мыйзам бузууларды жоюу боюнча буйрук жана сунуштама жөнөтүлдү.