Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2018-жылга карата “Айыл Банк” Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 01.01.2018-жылдан 31.12.2018-жылга чейинки мезгил аралыгына карата «Айыл Банк» Ачык акционердик коомунун ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчёт каралды.

 Аудит тарабынан  62,777,6 миң сом суммасында резервдер жана бюджеттик жоготуулар аныкталган. “Айыл чарбасын каржылоо - 4,5,6” долбоорун ишке ашыруунун жүрүшүндө 2419 субъектилер кредиттерди мөөнөтүнөн мурда кайтарган, мында пайдаланылбай калган мөөнөтүнөн мурда төлөнгөн кредиттерди керектөөчүлөр кайтарып берген учурдан баштап республикалык бюджеттен субсидияланбайт. Ошентип, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан Айыл Банк ААКсына субсидияларды, керектөөчүлөр кайтарып берген учурдан баштап эрте төлөнгөн пайдаланылбаган кредиттер боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан берилгендиги жана алынган милдеттенмелери менен көрсөтүлгөн бюджеттик жоготуулар жалпысынан  56 677,3 миң сомду түздү (текшерүү аяктагандан кийин, алар республикалык бюджеттин кирешесине 56 677,3 миң сом суммасында калыбына келтирилген).

Отурумдун жыйынтыгы боюнча, отчет бекитилип: Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин Катчылыгына жана «Айыл Банк» Ачык акционердик коомунун Директорлор Кеңешине жөнөтүлдү. Аудиттин жыйынтыктары жөнүндө маалымат Кыргыз Республикасынын Президентине жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жазма буйрук жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна сунуш жөнөтүлдү. Айыл Банк ачык акционердик коому отчет, жазма буйрук  жана сунуш алды.