Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Акматов Алмазбек Шаршембиевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды.

                Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин бюджет жана финансы боюнча комитетинин төрагасы Токтошев Эмиль Токтакунович Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

борбордук аппаратынын кызматкерлерине Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитор кызматына шайланган Алмазбек Шаршембиевич Акматовду  тааныштырды. Күн мурда Жогорку Кеңеш, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызмат ордуна Кыргыз Республикасынын Президентинин квотасына ылайык талапкерлигин жактырган.

 

                Эмил Токтакунович өзүнүн кириш сөзүндө, өлкөнүн мамлекеттик аудитинин жогорку органынын алдында турган милдеттеринин маанилүүлүгүн баса белгилөө менен бирге,  Акматов Алмазбек Шаршембиевичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында инспектордон баштап жетекчи кызматтарга чейин топтолгон иш тажрыйбасына өзгөчө көңүл бурду.

                Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдетин аткаруучу  Айжан Медетовна Садыркулова жамааттын атынан жооптуу кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгилик каалады.

                Өз кезегинде, аудитор А.Ш. Акматов ишеним үчүн ыраазычылыгын билдирип, мамлекеттик аудит жаатында эффективдүү башкаруу боюнча пландарды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгын баса белгиледи.