Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 18 – февралында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

      Ага Кеңештин мүчөлөрү: Төраганын м. а. - Айжан Медетовна Садыркулова, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын кызматкерлери жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери катышты.

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор Султанкулов А.С., Жоошбеков З.С., Арзыбаев М. К. жана  Сатаев З. А. тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелери каралды:

  • 2019-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде, анын аймактык органдарында жана ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетиндежүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Авиакомпания” Эйр Кыргызстан” Ачык акционердик коомундажүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.

Маселелерди кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты. Ошондой эле, жыйындын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын 2021- жылга карата Аудитордук иш планына толуктоо киргизишти.

Отурумдун жыйынтыгында токтомдор кабыл алынып, аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлөт.