Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2021-жылдын 11 – февралында  Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү.

 

Ага Кеңештин мүчөлөрү: Төраганын м. а. - Айжан Медетовна Садыркулова, аудиторлор: Заирбек Сулайманович Жоошбеков, Алимжан Топчубаевич Байгазаков, Алмасбек Садыкович Султанкулов, Акылбек Тогузбаевич Түмөнбаев, Вадим Александрович Садовников, Зарылбек Апасович Сатаев, Мукаш Кадырович Арзыбаев, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппаратынын кызматкерлери жана аймактык бөлүнүштөрүнүн жетекчилери катышты. 

 

Отурумдун жүрүшүндө аудиторлор Султанкулов А.С., Жоошбеков З.С. жана Садовников В.А. тарабынан сунушталган аудиттердин жыйынтыктары боюнча күн тартибиндеги төмөнкү маселелери каралды:

  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын ведомстволук бөлүнүштөрүндө, мекемелеринде жана аймактык органдарында бюджеттин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинде жана анын ведомстволук мекемелеринде бюджеттин аткарылышына жана ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2019-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттигинде бюджеттин аткарылышына жана анын ведомство алдындагы түзүмдөрүнүн ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата Кыргыз Республикасынын Аманаттарды коргоо боюнча агенттигинде жүргүзүлгөн шайкештик аудити жөнүндө отчет.
  • 01.01.2018-жылдан 31.12.2019-жылга чейинки мезгил аралыгына карата “Бишкек” Эркин экономикалык аймагынын Башкы дирекциясынын ишине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет.


Маселелерди кароо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын башчылары чакырылган. Кеңештин мүчөлөрү текшерүүлөрдүн жыйынтыктары боюнча суроолорду жана сын-пикирлерди талкуулашты.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтомдор кабыл алынып, аудиттердин жыйынтыгы жөнүндө отчеттор тиешелүү малекеттик органдарга жөнөтүлөт.