Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору Садыркулова Айжан Медетовнага Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын милдеттерин аткаруу жүктөлдү. Тийиштүү Жарлыкка 2021-жылдын 3-февралында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров кол койгон.

Садыркулова Айжан Медетовна  2016-жылдын 14-апрелинде, 5 жылдык мөөнөткө Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудитору кызматына киришкен .

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Нургожоевич Жапаров  Жарлыкка кол койгон,  анда Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесинин 5-бөлүгүнүн 4-пунктуна жана “Кыргыз Рсепубликасынын Эсептөө палатасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 5- бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык Марипов Улукбек Асамидинович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын кызматынан бошотулган.