Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сузак районунун жергиликтүү бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары .

 

2018-2019 жылдар аралыгына карата Кыргыз Республикасынын  Финансы министрлигинин Сузак башкармалыгында, Сузак районунун айыл аймактарында, Сузак районундагы өзүн-өзү башкаруу органдарынын  муниципалдык  ишканаларында 4208,7 миң сомдук  каржылык чектен чыгуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан Сузак районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө, анын аткарылышына жана социалдык экономикалык өнүгүүсүнө жүргүзүлгөн аудитте белгилүү болду.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында  акча  каражаттарынын жана материалдык баалуулуктардын жетишпестиктери 19,6 миң сом, каражаттарды  сарптоодо  кетирилген  кемчиликтер  жана  тартип бузуулар  3 925,9 миң сом,  анын  ичинен: негизсиз эмгек акы төлөөлөр 592,9 миң сом, материалдык баалуулуктардын  жана акча каражаттарынын негизсиз чыгышталышы 209,5 миң сом, казыначылыкты кыйгап өтүп пайдалануу 24,5 миң сом, курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз жогорулатуулар 495,2 миң сом, бюджеттик  каражаттарды  максатсыз  пайдалануу 651,1 миң сом,  эсептен  дебитордук  аласаны бекитүү жана кредитордук карыздарды негизсиз көбөйтүүлөр 1 952,7 миң сом, бюджетке кошумча  кирешелерди эсептөө  131,5 миң сом, Социалдык  фонддун  бюджетинин  камсыздандыруу кирешелерине  кошумча эсептөөлөр 131,7 миң сом.

            Аныкталган каржылык чектен чыгуулардын  ичинен өндүрүүгө  жатканы 4208,7 миң сом  болсо,  анын  ичинен  аудит  убагында  өндүрүлүп,  ордуна  коюлганы  3109,9  миң сом.

            Жогоруда  көрсөтүлгөн каржы бузууларынан тышкары,  бардыгы  1 882,7 миң  сомго  бюджеттин жоготуулары  аныкталган,  анын  ичинен: товардык-материалдык баалуулуктарды ченемден ашык эсептен чыгаруу 584,6 миң сом,  бюджеттин башка жоготуулары 212,1 миң сом, электр энергиясын керектөө эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул 241,4 миң сом, белгиленген лимиттен күйүүчү-майлоочу материалдардын ашыкча чыгымы 180,3 миң сом, Айыл чарба багытындагы жерлерди кайра бөлүштүрүү фондусунун жерлерин   ижарага бербегендиктен бюджеттин жоготуулары 569,9 миң сом.

 

Сузак районунун “Багыш” айыл өкмөтүнүн, 2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын  31-декабрына карата мезгил аралыгындагы жергиликтүү бюджетинин  түзүлүшүнө жана  аткарылышына  жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгынын материалдары, укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.