Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чаткал районунун жергиликтүү бюджеттерине жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары .

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан ,  2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына Чаткал районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө, анын аткарылышына жана социалдык экономикалык өнүгүүсүнө аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жыйынтыгында жалпысы болуп 7138,5 миң сомдук финансылык чектен чыгуулар аныкталды. Анын ичинен: товардык-материалдык баалуулуктардын жана  акча каражатынын жетишпестиги 18,2 миң сом, эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр 331,0 миң сом, товардык-материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз чыгыштоолор 451,9 миң сом, анын ичинен: кызматтык сапар чыгымдарына негизсиз төлөп берүүлөр 126,0 миң сомго, казына тутумун кыйгап өтүү 779,0 миң сомго, курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз жогорулатуулар 4773,3 миң сом,  бюджеттик акча каражаттарды максатсыз пайдалануу 24,7 миң сом, дебитордук карыздарды эсептен жашыруу 738,3 миң сом, бюджетке кошумча эсептелген кошумча кирешелер 22,1 миң сом.

        Жалпы аныкталган каржы бузуулардын ичинен ордуна коюлууга тийиш болгону 6807,5 миң сом, аудит учурунда ордуна келтирилгени 927,3 миң сом.

        Мындан сырткары 789,4 миң сом бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталган. Каныш-Кыя айыл өкмөтүндө аныкталган 4744,0 миң сомдук курулуш иштеринин көлөмүн негизсиз жогорулатуу боюнча аудиттин материалдары, тийиштүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.