Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2019-жылга карата Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

 

           Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отуруму тарабынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жана анын ведомстволук бөлүмдөрүнүн бюджеттеринин аткарылышына жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет каралды.

            Аудит  белгиленген убакыттын нормалдуу чегинен сырткары, кызматкерлердин жумуш убактысын төлөө, компьютерде иштегендиги үчүн кызматкерлерге кошуп төлөө, Кыргыз Республикасынын Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармалыгынын алдындагы Мамлекеттик имараттар департаменти боюнча  эсептелген, имараттарды жана жайларды күтүү боюнча  коммуналдык кызматтарга төлөө боюнча  келишим шарттарын кайрадан карап чыгуу, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинде  берилген ссудалар боюнча  мөөнөтү өткөн карызды төлөө, лимиттен ашык турган  транспорттук каражаттарынын бирдиктерин тейлөө менен байланышкан кайталанган бузууларды белгилейт.       

            Алсак, 8 сааттык жумуш күнүн эсепке алуу табели болгондо гана, ченемден ашык ишти өзүнчө эсепке алууну белгиленген тартибинин жоктугунан, Мамлекеттик сатып алуулар департаментинде ченемге салынбаган жумушчу күн үчүн 4368 миң сом  суммасындагы үстөк акыны төлөө аныкталган.

             “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жободо каралган бардык шарттар аткарылбагандыктан , Мамлекеттик сатып алуулар департаментинде жана  Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча  мамлекеттик агенттигинде   компьютерде иштегендиги үчүн 4,3 млн.сом суммасында кошумча төлөмдөр жүргүзүлгөн.

            2018-жылдын жыйынтыгы боюнча Эсептөө палатасынын  Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонду менен биргеликте  маселени чечүү боюнча сунушуна карабастан, Бюджеттик кредиттерди башкаруу боюнча  мамлекеттик агенттиги  2019-жылы ченемден ашык 7 бирдик автотранспортту пайдаланууну уланткан.

            Окуу борбору үчүн Финансы министрлигинин жетекчилиги тарабынан бекитилген,  акы төлөнүүчү билим берүү кызмат көрсөтүүлөрү боюнча  баалардын прейскурантына,  өздүк наркка киребеген кофе-брейк боюнча  чыгымдар кирген.

            Мындан сырткары, кызматкерлерге берилген пайызсыз ссудалар боюнча,  иштен бошонгон 27 кызматкердин  1,8 млн.сом дебитордук карызы бар, анын ичинен, мөөнөтү өткөн карыз  312,2 миң сомду түзөт.

            Аудиттин жыйынтыктары боюнча отчет бекитилип, Кыргыз Республикасынын Президентинин аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө  жөнөтүлдү. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине                           отчет, жазма буйрук жана сунуштама жиберилди.