Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Майлуу-Суу шаары боюнча аудиттин жыйынтыгы.

            Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү,  2018-жылдын 1-январынан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына Майлуу-Суу шаарынын жергиликтүү бюджетинин түзүлүшүнө, анын аткарылышына жана социалдык экономикалык өнүгүүсүнө аудит жүргүздү.

Аудит жүргүзүлгөн мекемелерде жана муниципалдык ишканаларда жыйынтыгы менен жалпысы болуп 98,1 миң сомдук финансалык чектен чыгуулар аныкталды,  анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөөлөр 44,6 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана каражаттарды негизсиз эсептен чыгарууга 13,1 миң сом,  сапар чыгымдарына ашыкча төлөөлөр 6,3 миң сом, мамлекеттик каражаттарды максатсыз пайдаланууга 3,1 миң сом, республикалык бюджеттен каржылануучу мекеменин керектөөсүнө жергиликтүү бюджеттен жумшалган каражаттар 31,0 миң сом.

Мындан сырткары, бекитилген тарифтердин  сакталбагандыгына байланыштуу 25,1 миң сом негизсиз киреше алынган.

Аныкталган финансылык тартип бузуулардын  ичинен өндүрүүгө  жатканы  49,2 миң сом  болсо,  анын  ичинен  аудит  убагында  өндүрүлүп ордуна  коюлганы  24,1 миң сом.