Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун 2017- 2018-жылдар аралыгына карата каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары.

    Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин отурумунда Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун 01.01.2017- жылдан тартып 31.12.2018- жылга чейинки мезгил аралыгына карата каражаттардын пайдаланылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары жөнүндө отчет каралды.

    Аудиттин жүрүшүндө факты жүзүндө каражатты бөлүштүрүүчүлөр болуп Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондунун Башкаруу боюнча дирекциясынын директору    экендиги аныкталган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан, Фонддун каражаттарын бөлүштүрүү укуктары жана жоопкерчилиги    Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 27-июлундагы №416 токтому менен ага берилген. Мында, Ыйгарым укуктуу өкүл өзүнүн функцияларын өткөрүп берүү, ошондой эле институттарды түзүү боюнча ыйгарым укугу жок экендигин белгилей кетүү керек.

    Дирекция жөнүндө Жобого ылайык, Дирекцияга кеткен чыгымдарды каржылоо, объекттерди курууга, оңдоого бөлүнгөн каражаттардын жалпы көлөмүнүн эсебинен жана фонддун Байкоочу кеңеши бекиткен сметага ылайык "Кумтөр голд компани" жактан башка иш-чаралар толук чарбалык эсеп принциптери боюнча ишке ашырылат. Мүлк, дирекцияга чарбалык ээлик кылуу жана башкаруу укугу менен бекитилген.

    Ошондой эле, аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүгүүсүнүн узак мөөнөттөгү стратегиялык планы жок экендигин белгилей кетүү керек.

    Белгилүү болгондой, Фонддун каражаттары "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунан "Ысык-Көл салымы" эсебинен дүң кирешенин 1 пайызы өлчөмүндө (АКШ долларында) түзүлөт, Фонддун эсебине жана эскроу - эсебине чегерилет. Аудит жыл аягында пайдаланылбаган бир топ каражаттын бар экендигин белгилеген, бул чыгымдардын начар пландаштырылгандыгын көрсөтөт.

    Фонд жөнүндө Жобого ылайык, Байкоочу кеңештин жана уюштуруу ишине байланышкан чыгымдарга каражаттарды жумшоого болбойт. Ошого карабастан, Фонддун жана эскроу-эсебинин  Ыйгарым укуктуу өкүлдүн чыгымдары 6 654,6 миң сомду түзгөн.

    Дирекциянын кызматкерлеринин штаттык бирдигин жана эмгекке акы төлөө тутумун жөнгө салуучу ченемдик укуктук документтердин жоктугу белгиленди. Чындыгында, текшерилген мезгилдеги кызматкерлердин саны жана эмгек акы Ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары тарабынан бекитилип, материалдык стимулдар жамааттык келишимдин жана профсоюз комитетинин чечимдеринин негизинде жүргүзүлгөн. Ошол эле учурда, аудит Дирекциянын штаттык саны жыл сайын жогорулап тургандыгын белгилейт. 2017-2018-жылдарга эмгек акы жана социалдык чегерүүлөр 24288,3 миң сом суммасында жана 6 384,3 миң сом суммасында сый акылар төлөнгөн.

    Дирекциянын техникалык көзөмөл бөлүмүнүн адистери тарабынан туруктуу көзөмөлдүн жоктугунан улам, жалпы суммасы 24 998,9 миң сомго курулуш-куроо иштерин  ашыруусу аныкталган.

    Аудиттин жүрүшүндө   мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө  мыйзам бузуулар жана кемчиликтер аныкталган.

   Аудиттин жыйынтыгы боюнча аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына предметке укуктук баа берүү үчүн жөнөтүлгөн:

•          Кыргыз Республикасынын Ѳкмѳтүнүн Ысык-Кѳл областындагы Ыйгарым укуктуу ѳкүлү тарабынан, 2017-жылы күтүүгө кеткен чыгымдар 12,4 млн. сом жана 2018-жылы 17,0 млн. сом түзгөн Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондун башкаруу боюнча Дирекциясын түзүү жана анын иш жүргүзүү укуктуулугуна;

•          “Резиденция” мамлекеттик ишканасы үчүн наркы 800,0 миң сом болгон автомашина сатып алуу;

•          мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдардын бузуу.

    Аудиттик корутунду: Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жөнөтүлгөн.

    Аудиттин жыйынтыгы боюнча сунуштар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматына жөнөтүлгөн.  Ысык-Көл областынын өнүктүрүү фондуна отчет, жазма буйрук  жана сунуштар жөнөтүлгөн.