Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чоң-Алай  районунда  708,9 миң. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

            2018-2019-жылдар аралыгында Чоң-Алай районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, Чоң-Алай районунун социалдык - экономикалык өнүгүүсүнүн натыйжалуулугуна жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 708,9 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын  Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин  натыйжасында белгилүү болду.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 9,9 миң сом өлчөмүндө товардык – материалдык баалуулуктар кем чыккан. 526,7  миң сом акча каражаттары туура эмес сарпталган, анын ичинен: 430,0 миң сом өлчөмүндө бюджеттик каражаттар максатсыз пайдаланылган; негизсиз эсептен чыгарылган  материалдык баалуулуктар 58,4 миң сомду түзгөн жана 21,4 миң сом сапар чыгымдарына ашыкча төлөнгөн, эсептен дебитордук  аласаны бекитүү 16,9 миң сом өлчөмүндө аныкталган.  Бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 32,5 миң сомду түзсө, Социалдык фондко 139,8 миң сом ашыкча берилип кеткен.

            Аныкталган каржылык бузуулардын ичинен өндүрүүгө жаткан 708,9 миң сомдун 521,6 миң сому аудит убагында өндүрүлүп, ордуна коюулду.

            Мындан сырткары, аныкталган бюджеттин  жоготуулары 456,2 миң сомду түзгөн.