Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сокулук  районунда  12371,7 миң. сом суммасында каржылык бузуулар аныкталды.

            2018-2019-жылдар аралыгында Сокулук районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгы боюнча жалпы суммасы 12 371,7 миң сом болгон каржылык бузуулар аныкталды.

            Аталган маалыматтар Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан жүргүзүлгөн аудиттердин  натыйжасында белгилүү болду.

            Жүргүзүлгөн аудиттердин жыйынтыгында 12 211,2 миң сом акча каражаттары туура эмес сарпталган, анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөөлөр 8493,6 миң сом, негизсиз эсептен чыгарылган  материалдык баалуулуктар  жана  акча  каражаттары  217,5 миң сом,  курулуш-куроо иштеринин көлөмүнүн ашырылышы 310,3 миң сом, эсептен  жашырылган дебитордук  карыз жана жогорулатылган кредитордук карыз 3 189,8 миң сом, бюджетке  кошумча  кирешелерди эсептөө 64,0 миң сом, Социалдык фондко 78,5 миң сом ашыкча берилип кеткен жана 18,0  миң сомго - товардык-материалдык баалуулуктар кем чыккан.

            Бюджеттин резервтери жана жоготуулары 3251,1 миң сомду түздү. 1025,7 миң сом рационалдуу эмес пайдаланылган.  Коомдук жана башка уюмдарда аныкталган каржы бузуулар – 168,0 миң сом.

            Мекемелер боюнча алып караганда эң ири каржылык бузуулар: Ат-Башы айыл өкмөтүндө 3666,5 миң сом, Новопавловка айыл өкмөтүндө 2994,6 миң сом, Н.К. Крупская атындагы айыл өкмөтүндө 1308,2 миң сом, Гавриловка айыл өкмөтүндө 950,2 миң сом, З. Кайназарова айыл өкмөтүндө 733,4 миң сом, Асылбаш айыл өкмөтүндө 536,4 миң сом, Биринчи май айыл өкмөтүндө 504,4 миң сом, Төш-Булак айыл өкмөтундө 450,0 миң сом өлчөмдөрүндө аныкталды.  

            Аудит жүргузүлгөн мекемелерге аныкталган каржылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча жазма буйруктар жөнөтүлгөн.